• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө – Чек ара кызматы

Аймак 0

Бишкек, 12.01.20. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу деп бааланууда, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

Билдирүүгө ылайык, чек арага чектеш аймакта түн тынч өттү.

"Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кезметтери мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгын бойлой күзөт жүргүзүүнү улантышууда. Чек арачылар укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте чек арага канатташ жашаган эл арасында иш алып барышып, чек арага жакын аймакта мыйзам бузуулардын болбошу жана чыр-чатактар чыгып кетпеши үчүн иш-чараларды жүргүзүшүүдө", - деп кабарлашты Чек ара кызматынан.

Баткен облусунда жүрүшкөн КР МЧКнын төрагасынын биринчи орун басары А. Алимбаев жана КР ИИМнин министринин орун басары милициянын полковниги А.Орозалиев чек арадагы абалды көзөмөлгө алышууда.

Пикир

Оставить комментарий