• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында санитардык талаптарды сактабаган 15 жооптуу кызматкерге айыппул салынды

Аймак 0

Бишкек, 27.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Нарында санитардык талаптарды сактабаган 15 жооптуу кызматкерге айыппул салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, 3-майдан бери мобилдик топтор тарабынан 329 объектке санитардык сунуштамалар берилген.

"Алардын 62сине акт түзүлгөн жана 15 жооптуу кызматкерге 15 миң өлчөмүндө апыппулдар салынган. Нарын шаарында 5, Нарын районунда 2 жана калган райондордо бирден мобилдик топтор иштеп жатат. Алар калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, коомдук жайларда элдин топтолушуна бөгөт коюу, азык-түлүккө болгон бааны көзөмөлдөө боюнча иштерди алып барып, соода борборлорун текшерүүдө", - дейт ал.

Алымкулов кошумчалагандай, Нарында 20-мартта республикалык мааниде 3 пост уюшулган. Алар Кочкор, Жумгал жана Ак-Талаа райондорунда.

"Ошондой эле Ат-Башыда 3, Нарын шаарында 4, Нарын районунда 5, Жумгал районунда 1, Ак-Талаа районунда 2 пост иштеп жатат. Анда 98 кызматкер кызмат өтөөдө", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий