• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 3 аскер кызматкери жаракат алды – Чек ара кызматы

Кырсык 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы ок атышуу токтоду. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү кабарлайт.

Маалыматка ылайык, чыр-чатак тажик аскер кызматкерлери тарабынан чагымчыл аракеттери менен коштолуп, күтүүсүздөн (такталган маалыматтар боюнча) топтук куралдан кыргыз чек арачылары жана кыргыз жарандары тарапка ок атышкан.

Азыркы убакта кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Баткен багыты жана Тажик Республикасынын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат.

Атышуу учурунда КР Мамлекеттик чек ара кызматынын 3 аскер кызматкери ар кандай даражадагы жаракат алып, аларга өз убагында тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий