• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кыргызкөмүр” ишкананын Балыкчыдагы филиалына онлайн-видеокамера орнотту

Коом 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы Балыкчыдагы филиалын күнү-түнү көзөмөлдөп турган онлайн-видеокамера орнотту.

Ишканадан билдиришкендей, ал жакта жетекчиден тарта катардагы кызматкерге чейин кадрдык өзгөрүү болгон.

Аталган иш-чара мамлекеттик ишкананын директору Мирлан Жакыпов тарабынан президент Садыр Жапаровдун коорупцияга каршы демилгесин колдоо максатында уюштурулууда.

Балыкчы филиалынан Бишкек ЖЭБге жана калкка тандалган көмүр жеткирилет.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кара-Кечеде 24 онлайн-видеобайкоо камералары бар.

Эми Бишкекте туруп Балыкчы жана кара-Кечедеги көмүр кендерине көзөмөл жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.

Пикир

Оставить комментарий