• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы аныкталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүнкү күндө коронавирустун жаңы "омикрон" штаммы аныкталган жок. Бул тууралуу "Кабарга" Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына таянсак, аныкталган COVID-19 учурларынын 97 пайызы "дельта" штаммы.

Белгилей кетсек, коронавируска каршы Республикалык штаб өлкөгө "омикрон" штаммы 2022-жылдын январынын ортосунда келиши мүмкүндүгүн эскерткен.

Бийлик калкты вакцина алууга жана санитардык эрежелерди сактоого чакырууда.

Пикир

Оставить комментарий