• 88.68
  • 95
  • 0.95

Россияда эмдөөдөн баш тарткандарга айып салуу каралууда

Дүйнө 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Роспотребнадзордо эмдөөдөн баш тарткандарга карата айып салуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Россиянын ЖМКлары ведомствонун башчысы Анна Поповага таянып билдиришти.

Анын айтымында, учурда бул маселе башка өлкөлөрдүн тажрыйбасынын негизинде каралып жатат.

“Белгилүү болгондой, буга чейин Австрияда эмдөөдөн баш тарткандарга 3 миң 600 евро суммасында айып салуу чечими чыгарылган. Ал эми АКШда эмдөөдөн баш тарткандыгы үчүн 100дөн ашык кызматкерлери бар компанияларга айып салына баштайт”, - деп айтылат маалыматта.

Россияда Жогорку сот видеоматериалдардын негизинде беткаптын жоктугуна айып салууга уруксат берди.

Пикир

Оставить комментарий