• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Австралияда дүйнөдөгү эң чоң өсүмдүк табылды

Дүйнө 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Окумуштуулар Австралиянын жээгинде аянты 200 чарчы километрге жеткен балырды табышты. Бул – дүйнөдөгү эң чоң өсүмдүк, буга чейинки рекордсменден 465 эсе ашат. Ачылыш жөнүндө The Guardian гезити жазды.

Илимпоздор жээктеги ар кайсы жерден балырдын бир нече үлгүсүн алып, генетикалык кодун анализдеп чыкканда алар бир эле өсүмдүккө таандык болуп чыкты.

Изилдөөчүлөр балырдын жашын 4,5 миң жыл деп эсептешет. Айрым жерлерде узундугу бир метрге жетет. Деңиз астында өскөн бул өсүмдүк суу жандыктарынын жеми жана анда дельфиндер, ташбакалар, балыктардын түрлөрү байырлайт.

Буга чейин дүйнөдөгү эң чоң өсүмдүк деп АКШнын Юта штатындагы Пандо токоюндагы дарак эсептелчү. Бир тамырдан чыккан бактар 0,43 чарчы километрге жайылган.

Пикир

Оставить комментарий