• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Англияда адамдын бою менен тең келген медуза сүрөткө тартып алынды

Дүйнө 0

Бишкек, 17.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Лиззи Дейли аттуу биолог Англиянын жээктеринде адам бою менен тең келген медузаны тасмага түшүрүп, анын сүрөтүн жана тасманы инстаграмдагы баракчасына киргизген. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Тасма Корнуолл графтыгынын жээктеринде тартылган.

Сүрөттө Lizzie Daly Wildlife TV интернет-каналынын алып баруучусу, биолог Лиззи Дейли Rhizostomae медузасы менен түшкөнү көрүнүп турат. Окумуштуунун айтымында, медузанын чоңдугу адам бою менен тең болгон.

Негизинен анын диаметри 40 сантиметрден ашпайт. Бирок, айрым учурда диаметри 1,5 метрге жана салмагы 35 килограммга жетиши мүмкүн.

Көбүнесе, ал Атлантика океанынын түндүк-чыгыш бөлүгүндө, ошондой эле, Кара, Азов, Жер ортолук деңизин байырлайт.

Пикир

Оставить комментарий