• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын саны ноябрда 2,2 миң учурга чейин азайды

COVID - 19 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын саны олуттуу төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып билдирет.

Министрликтин маалыматында айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын акыркы үч айында лабораториялык жана клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган жана катталган коронавирустун саны сентябрдагы 2,8 миң учурдан, ноябрь айындагы 2,2 миң учурга чейин азайды.

2021-жылы аймактар боюнча коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны

Нет описания.

Улуттук статистика комитети кабарлагандай, үстүбүздөгү жылдын ноябрында коронавирус менен болгон оорулардын катталган учурларынын эң чоң үлүшү Бишкек шаарына (41% ашыгы), Чүй (25% ашыгы) жана Ысык-К¼л (13% ашыгы) облусуна туура келди.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында сентябрь айына салыштырмалуу калктын 100 миңине алганда оорулардын саны 1,3 эсеге азайды.

2021-жылы калктын 100 миңине алганда коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен ооругандардын саны

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий