• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан 2022-жылы 24 миң 250 тонна үрөн сатып алды

Экономика 0

Бишкек, 14.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы сапаттуу үрөн сатып алууга республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом каралган. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, иш жүзүндө 1 млрд сомго 24 миң 250 тонна үрөн сатып алынган.

“Анын ичинен Россиядан 8 миң 100 тонна, Өзбекстандан жана Казакстандан 1 миң тоннадан үрөн сатып алынды. Алар дыйкандарга эки жылдык мөөнөткө 4,5 пайыздык ченде берилди. Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун кампасында 2023-жылдын жазгы себүүсүнө 6 миң 300 тонна арпа, буудайдын үрөнү сакталып турат. Мындан сырткары, күзгү себүүгө кылкандуу дан эгиндеринин 6 миң тонна үрөнү сатып алынып, жер-жерлерге жөнөтүлө баштады”, - дейт ал.

Жаныбеков министрлик 2023-жылдын жыйынтыгы менен дыйкандардын кылкандуу дан эгиндерине болгон муктаждыгын 100 пайызга жаба турганын белгилеп кетти.

Белгилей кетсек, президенттин төрагалыгында өтүп жаткан жыйында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчету угулууда.

Пикир

Оставить комментарий