• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан биз абдан сыйлаган союздаш өлкө – Россия элчисинин кеңешчиси

Коом 0

Коронавируска каршы күрөш көптөгөн көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды, алардын бири - саламаттык сактоо тармагы. Медициналык мекемелер жана дарыгерлер бейтаптардын мындай агымына даяр эмес болду. Коронавирус менен ооругандарды дарылоо үчүн ылайыктуу алгоритм убагында түзүлбөгөндүктөн кырдаал курчуп кетти. Натыйжада жай мезгилинде бейтаптардын саны кескин көбөйдү. Мындан улам 1-июлда өлкөгө Россиядан биринчи аскер дарыгерлери келишкен. Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Роспотребнадзордун милдети болуп Кыргызстандагы кырдаалды баалап, муктаждыктарды талдоо менен чечимдерди сунуш кылуу болду. Россиялык адистердин кийинки тобу 22-июлда, Башкортостан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жетектеген үчүнчү топ 23-июлда келген. Дарыгерлер менен бирге Кыргызстанга медициналык жабдуулар жана дары-дармектер келген.

Жардамга келген адистердин ишмердүүлүгү жыйынтыкталганда эксперттер жамааты "Коронавирус менен күрөшүү: Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалды турукташтырууга Россиянын колдоосу" аталышындагы онлайн-брифинг өткөрүп, учурдагы кырдаалды талкуулоону чечишкен.

Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Андрей Кирьянов керектүү жардам кантип эсептелгендиги жана ал кандайча бөлүштүрүлгөндүгү жөнүндө айтып берди.

“Кыргызстан биз абдан сыйлаган союздаш өлкө. Мындай оор кырдаалда досубузга жардам берүү үчүн колубуздан келгендин баарын жасадык. Алар бизге кайрылганда, биз кырдаалга баа берүү үчүн 10 кишиден турган топ жөнөттүк. Сапардын жыйынтыгында Кыргызстан канча дарыгерге муктаж экендиги жана гуманитардык жүктөрдү өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Биринчи күндөн баштап адистер өлкөнүн бардык аймактарындагы кызыл аймактарга жөнөштү. Жалпы 4 миңден ашык бейтап кабыл алынган. Эпидемияга каршы режимди сактоо боюнча бардык чаралар көрүлдү. Биздин дарыгерлер жергиликтүү дарыгерлердин жогорку кесипкөйлүгүн белгилешти. Саламаттыкты сактоо системасында бир катар кемчиликтер болду, андыктан биздин дарыгерлер сунуштарын айтып турушту”, - деди Кирьянов брифинг учурунда.

Пикир

Оставить комментарий