• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы алмашты

Коом 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрага болуп Алманбет Матубраимов шайланды. Бул тууралуу ассамблеянын кеңешинин отурумунда маалым болгондугун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Отурумда аталган кеңештин төрагасы Абдыганы Эркебаев отставкага кетүүгө арызын берип, кеңештин катышуучулары Матубраимовду жаңы төрага кылып шайлашкан.

Белгилей кетсек, отурумдун ишине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, президенттин администрациясынын жана министрликтин кызматкерлери, ошондой эле Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин мүчөлөрү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий