• 88.68
  • 95
  • 0.95

100 миң сом. Бишкекте "Коррупцияга каршы элдик кызмат" бирикмесинин төрагасы пара менен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. Бишкекте "Коррупцияга каршы элдик кызмат" коомдук бирикмесинин төрагасы акча алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Октябрь райондук ИИБ ТКнын өндүрүшүндө турган кылмыш иши боюнча ар кандай маселелерди "чечип берем" деген шылтоо менен өзүн КР мамлекеттик органдарынын биринин кызматкери катары көрсөтүп, өзүнө ишенген жарандарды адаштырып, өзүнө пайда көрүү максатында Бишкек шаарынын бир жаранынан опузалап 100 миң сом алып аткан жеринен "Коррупцияга каршы элдик кызмат" коомдук бирикмесинин төрагасы Э.У.Т. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө Э.У.Т. буга чейин 200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алгандыгы жана кылмыш ишин козгоону токтотуу боюнча көмөк көрсөткөндүгү үчүн кошумча 4 000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталган.

Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий