• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан ИӨБ менен кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызыкдар

Экономика 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүүгө, анын ичинде жаңы долбоорлордун алкагында кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин Ислам өнүктүрүү банкынын аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Ибрагим Али Шукри менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Министрликтин басма сөз кызматына кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу күн мурун Бишкекте өтүп, анда кызматташуунун келечеги талкууланды.

Министр Амангелдиев өлкө боюнча ар түрдүү тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууга көрсөткөн жардамы үчүн Ибрагим Али Шукри ыраазычылык билдирген.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар ИӨБ менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк боюнча документти кабыл алуу зарылдыгын да белгилешти.

Министр ошондой эле Кыргызстандагы маанилүү маселелердин бири өлкөнүн калкын жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз кылуу болуп саналгандыктан, ипотекалык насыялоо программасынын маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Мындан тышкары, министр халал индустриясынын долбоорлорун өнүктүрүүнүн, кичи жана орто бизнеске жана халал продукциясын өндүрүүчүлөр/фермерлерге шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Ибрагим Али Шукри эки тараптуу кызматташууну эки тарапты кызыктырган артыкчылыктуу багыттар боюнча мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий