• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан коронавирус оорусу жогорку чегине жеткен мезгилди күтүлгөндөн 1,5 жума эрте өттү – Нурматов

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Кыргызстан коронавирус оорусу жогорку чегине жеткен мезгилди күтүлгөндөн 1,5 жума эрте өттү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Вирустук инфекцияларды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, мындан мурдараак жасалган божомолдор боюнча, коронавирусту жуктургандар көбөйө турган мезгил 20-24-апрелге туура келмек.

"Бирок оору жогорку чегине жеткен мезгил 11-20-апрелде болду десе болот. Башкача айтканда божомолдон 1,5 жума эрте болуп жатат. Ал карантинди киргизүү, элдин алдын алуу чараларын аткаруусу менен байланыштуу", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий