• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан Кытай менен биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 25.10.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цяндын ортосунда кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр болду.

Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетикалык, каржылык, транспорт-транзиттик, айыл чарба, билим берүү жана илим тармактарында ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле буга чейинки жогорку деңгээлдеги сапарлардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандын президентинин Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарын “2023-жылдын эң маанилүү окуясы” деп атады жана эки мамлекеттин башчыларынын күч-аракети менен эки тараптуу мамилелер “жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлдү”.

Андан соң тараптар кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин талкуулоого киришти.

Министрлер кабинетинин башчысы Кытай Кыргызстандын негизги соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Мындан тышкары, ал өз ара сооданын өсүү динамикасын, 2023-жылдын январынан июнь айына чейин 102 млн АКШ долларын түзгөн кытайлык өнөктөштөрдүн Кыргызстандын экономикасына инвестициясынын көлөмүн белгиледи.

Транспорт жана инфраструктура чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулоонун алкагында МинКаб Төрагасы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча эң ири долбоорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду.

“Темир жолдун курулушу Кытай Эл Республикасынын төрагасынын “Бир алкак – бир жол” демилгесин ишке ашырууда маанилүү байланыш болот, аны Кыргыз Республикасы биринчилерден болуп чоң шыктануу менен колдогон”, - деп, Акылбек Жапаров бүгүнкү күндө тараптардын биргелешкен каржылоосу менен долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, анда жаңы линияны куруунун техникалык жана экономикалык максатка ылайыктуулугу тастыкталганын кошумчалады.

Андан ары Акылбек Жапаров “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнү мындан ары жогорулатуунун негизги фактору экенин белгилеп, “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктунун 5-чакырымындагы Нура айылына баруучу жана 7,5-чакырымындагы “Торугарт” постуна баруучу жолду жакшыртуу боюнча оңдоо иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

“Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пункттарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана алардын жүк өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кыргыз тарап көзөмөл-өткөрүү пунктун күнү-түнү жана 24/7 иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” жаңы өткөрүү пунктун ачуу жана “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолун куруу боюнча тыгыз кызматташууга жана биргелешкен күч-аракетке даяр экендигин билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы энергетика тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл буруп, Сары-Жаз дарыясында ГЭС каскадын, “Жогорку Нарын ГЭС каскадын”, “Камбар-Ата 1 ГЭСин”, “Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадынын” курулушун, анын ичинде гидроэнергетиканы өнүктүрүү сыяктуу артыкчылыктуу долбоорлорду белгиледи.

Эки тараптуу экономикалык кызматташуунун жаңы механизмдери катары МинКаб Төрагасы бажы алымсыз чек ара соода модели жана комплекстүү бажы зоналары менен эл аралык соода борборлорун ачуу аркылуу чек ара аймактарынын айланасында экономикалык өнүгүү алкагын түзүүнү белгиледи.

Андан ары ата мекендик айыл чарба продукциялары Кытай базарына экспорттоону жогорулатуу максатында МинКаб Төрагасы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пунктунда ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды ачууну сунуштады.

Акылбек Жапаров көтөргөн маанилүү темалардын бири тең укуктуу негизде кыска мөөнөттүү визасыз режимди киргизүү аркылуу эки өлкөнүн жарандары үчүн визаны либералдаштыруу маселеси болду.

Ал ошондой эле өз кезегинде Кыргызстан бир тараптуу түрдө Кытайдын өзгөчө административдик аймактары – Сянган (Гонконг) жана Макао жарандары үчүн 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режимди колдоно баштаганын кошумчалады.

Билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулоодо МинКаб Төрагасы Кыргызстанда кытай тилин үйрөнгөндөрдүн саны жыл сайын өсүп жатканын жана учурда Кытайдын ЖОЖдорунда түрдүү программалар аркылуу 2 миңден ашуун Кыргыз Республикасынын жараны билим алып жаткандыгын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарынын бири катары белгиледи.

“Кыргызстан менен Кытайды Улуу Жибек Жолунун дооруна чейин созулган көп кылымдык тарых жана маданият байланыштырып турат жана биздин маданий карым-катнашыбыздын узак тарыхы биздин өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы терең байланыштарды далилдеп турат, жана ал жыл сайын күчөп баратат”, - деген МинКаб Төрагасы жана маданият, искусство жана кино тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Акылбек Жапаров менен Ли Цяндын сүйлөшүүлөрүнүн соңунда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрү тарабынан бир катар документтерге жана макулдашууларга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий