• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Азербайжандын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Президент 0

Бишкек, 06.12.23./Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү.

Эки өлкө лидерлери Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелердин өнүгүшүнө канааттангандыгын, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы кызматташтык мындан ары да ийгиликтүү улана берерине ишеним билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Ильхам Алиев Садыр Жапаровду туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде жаңы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий