• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Беларустун ТИМдери кезектеги консультацияларды өткөрдү

Саясат 0

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. Кечээ, 7-июнда Кыргызстан менен Беларустун Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консулдук кызматтардын жетекчилеринин деңгээлинде консулдук маселелер боюнча кезектеги консультациялар болуп өттү.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, эки тараптуу консультациялардын күн тартиби өз ара кызыкчылык туудурган актуалдуу маселелерди камтыган. Атап айтканда, өзгөчө көңүл эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого бурулган.

Муну менен бирге, тараптар Кишинев шаарында 2002-жылдын 7-октябрында кол коюлган жарандык, үй-бүлөлүк жана жазык иштери боюнча укуктук жардам жана укуктук мамилелер жөнүндө Конвенциянын ченемдерин сактоого, ошондой эле эки мамлекеттин жарандарынын өз ара барып-келүүлөрү жана башка бир катар маселелерге токтолду.

Өз кезегинде Консулдук департаменттин директору Алмаз Букалаев эки өлкөнүн аймагында жүргөн жарандардын татаал жол-жоболорун жокко чыгаруу же жөнөкөйлөтүү мүмкүнчүлүгү менен бирге КР жана БР жарандарынын укуктук абалын жакшыртуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге, тараптар консулдук багыттагы келишимдик-укуктук базаны бекемдөөнү талкуулашты.

Консультациялардын жыйынтыгы боюнча консулдук багыттагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө жөнүндө макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий