• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Грециянын ТИМ башчыларынын орун басарлары телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Костас Фрагогианнис менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, дипломаттар эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташууну өнүктүрүүнүн, документтерге кол коюунун, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун, анын ичинде 2021-жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында АКШнын Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын жана Грециянын тышкы иштер ведомстволорунун башчыларынын, ошондой эле 2021-жылдын ноябрында Бишкек шаарында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Костас Фрагогианнис менен жолугушууларынын жыйынтыктарынын маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле тараптар телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу сапарларды уюштурууну талкуулашты.

Нуран Ниязалиев менен Костас Фрагогианнис пайда боло турган маселелерди талкуулоо жана ыкчам чечүү үчүн туруктуу иш байланышта болуп турууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий