• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Катардын маалымат каражаттары ортосундагы кызматташуу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 19-сентябрында Кыргызстандын Катардагы элчиси Чыңгыз Эшимбеков Катар Медиа корпорациясынын Башкы директору Шейх Абдулрахман бин Хамад Аль Тани менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, пикир алмашуунун алкагында эки өлкөнүн ортосундагы маалымат каражаттары жана коммуникациялык технологиялар тармагындагы кызматташуусу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында талкууланган маселелер боюнча өз ара координациялоо жана ар кандай өз ара иш-чараларды уюштуруу макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий