• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан очогунда күчү 5 жана 6 баллга жеткен эки жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 27-февралда Кыргызстанда очогунда күчү 5 жана 6 баллга жеткен эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Сейсмология инстутунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи жер титирөө түңкү саат 03:42де катталып, анын күчү очогунда 5 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу өлкөнүн аймагында Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 52 км, Кең-Суу айылынынан түштүк-чыгышка карай 60 км, Таш-Короо айылынан түндүк-чыгышка карай 60 км, Эңилчек айылынан түндүк-чыгышка карай 68 км жана Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 132 км аралыкта жайгашкан.

Ал эми саат 05:58де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Какшаал-Тоо тоо кыркаларында, тагыраагы Таш-Короо айылынан түштүк-чыгышка карай 50 км, Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышка карай 55 км, Кургак айылынан түштүк-чыгышка карай 58 км, Эңилчек айылынан түштүк-чыгышка карай 60 км, Кең-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 60 км жана Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 130 км аралыкта жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий