• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аламүдүндө үйдөн чыккан өрттөн бир адам каза болуп, бири жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 19.12.22. /Кабар/. Чүйдүн Аламүдүн районунун Восток айылында 18-декабрда турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 16:45те бир бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 18:50дө толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен Б.О.Г. аттуу аял киши түтүнгө ууланып каза болгон. Маалыматка ылайык, аталган жаран эпилепсия оорусу менен жабыркап келген.

Мындан сырткары, кырсыктын кесепетинен 36 жаштагы В.О.Д. аттуу эркек киши жабыркаган. Куткаруучулар жаранды үйүнөн чыгарып, биринчи жардам көрсөтүү менен ооруканага жеткиришкен.

Пикир

Оставить комментарий