• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Кытайдын күч түзүмдөрү аймактар аралык кызматташтыкты бекемдейт

Аймак 0

Бишкек, 19.04.23. /Кабар/. Президенттин Нарын облусундагы өкүлү Алтынбек Эргешов Кытайдын Кызыл-Суу-Кыргыз жана Синьцзянь-Уйгур автономиялык райондорунун коомдук коопсуздук бюросунун өкүлдөрүн кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууга Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги да катышып, эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, коомдук коопсуздукту сактоодо, терроризм, экстремизм менен күрөшүүдө, баңги заттарын колдонууга жана ташууга тыюу салууда, мыйзамсыз миграцияны токтотууда биргелешкен аракеттерди көрүү багытында сүйлөшүүлөр жүрдү.

Белгилей кетсек, бул иштер 2019-жылы башталып, КР Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Кытайга барып келишкен. Кийин пандемияга байланыштуу ортодо үзгүлтүк болгон. Кызматташтыкты бекемдөө аракеттери кайрадан улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий