• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Пакистандын тышкы иштер министрлери жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-сентябрь күнү ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумунун алкагында КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Пакистандын тышкы иштер министри М.Куреши менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Жолугушууда министрлер эки тараптуу кызматташууну жандандыруу маселелерин талкуулашты.

"Министрлер соода-экономикалык байланышты бекемдөөгө, CASA-1000 долбоорун ишке ашырууга, транзиттик-транспорттук байланышты жана маданий-гуманитардык алаканы жандандырууга даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн коронавируска байланыштуу мекенине кайтууга мүмкүнчүлүгү жок жарандарын кайтаруу ишинде кызматташуу маселелери талкууланды", - деп билдирет министрлик.

Пикир

Оставить комментарий