• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бейшеналиев БДСУнун Европадагы регионалдык бюросунун директору менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Бүткүл дүйнөлүк аламаттыкты сактоо уюмунун (БДСУ) Европадагы регионалдык бюросунун директору, доктор Ханс Клюге менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Алмазбек Бейшеналиев БДСУнун Регионалдык директоруна уюм тарабынан Кыргызстанга COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ар тараптуу жана өз убагында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Туруктуу өкүл ДСУнун Европадагы регионалдык бюросу менен кызматташууну жогору баалап, ДСУнун долбоордук иш-чаралары мамлекеттин ден соолугун коргоо жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы, ошондой эле саламаттык сактоо тармагын чыңдоодо ийгиликтүү жана ырааттуу ишине олуттуу салым кошуп жатканын билдирди.

Өз кезегинде доктор Х.Клюге кыргыз тарапка COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө тыгыз кызматташуу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Мындан тышкары, регионалдык директор өлкөдө эмдөө башталганын, Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы оң өзгөрүүлөрдү канааттануу менен белгилеп, ошондой эле ДСУ менен Кыргызстандын ортосундагы жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ДСУнун ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда, COVID-19га каршы эмдөө жаатында, башка жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөшүү жаатында, психикалык саламаттык саясатын өркүндөтүү, санариптик ден соолук системаларын киргизүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле калкты эмдөө жолу менен ооруларды алдын алуу маселелери камтылды.

Пикир

Оставить комментарий