• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы кызматташтык талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередовду кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түркмөн эки тараптуу кызматташуусунун абалы жана келечеги жөнүндө пикир алышышты.

Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы саясий-дипломатиялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү өз ара аракеттенүүнү жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди. Транспорт жана инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу жаатында соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүү, анын ичинде соода-сатык, инвестициялар жана энергетикалык ресурстарды жеткирүү маселелери каралды.

Ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде өтө турган эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий