• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлери телефон аркылуу сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек, 11.01.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстан Республикасынын премьер-министри Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өкмөт башчылар 2020- жылдын 10-январына караган түнү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан кийинки кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды биргеликте кабыл алууга байланыштуу маселени талкуулашты.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кохир Расулзода чек арадагы коопсуздукту жана кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн, кандайдыр бир чагымчылдыкка алдырбоо жана кырдаалды курчутпоонун, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иштерди активдештирүүнүн зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары сүйлөшүүдө чек арага чектеш аймактарда элге түшүндүрүү иштерин күчөтүлгөн негизде жүргүзүү менен эки өлкөнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдарынын ортосундагы өз ара кызматташууну активдештирүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий