• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жунушалиев ЖК тарабынан I окууда кабыл алынган мыйзам долбоорлорун толуктап иштеп чыгууну тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган жана биринчи окууда кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча кеңешме өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Айбек Жунушалиев белгилегендей, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан аталган долбоорлорду биринчи окууда келип түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен сунуштарды тыкыр иштеп чыгуу зарыл.

Аталган мыйзам долбоорлорун парламенттин кароосуна даярдоо алкагында мамлекеттик органдардын жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүктөрүнө мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлердин айрым категорияларына иммунитет берүү, алардын статусу, социалдык пакет менен камсыздоо, финансы жана башка маселелер боюнча депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерге өзгөчө көңүл буруу тапшырылды.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, толукталып иштелип чыккан мыйзам долбоорлору депутаттар тарабынан үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында экинчи окууда каралмакчы.

Пикир

Оставить комментарий