• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары чек арадагы абалды талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу кыргыз тараптын демилгеси менен эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Сироджиддин Мухриддин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштери министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

КР ТИМден кабарлашкандай, эки өлкөнүн министрлери кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалды талкуулашкан.

Министрлер эки өлкөнүн ортосундагы мамилени чыңдоо, жагдайды жөнгө салуу үчүн тийиштүү органдардын өз ара тыгыз аракетинин зарылдыгын белгилешкен.

Пикир

Оставить комментарий