• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтык талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 14-февраль /Кабар/. Бүгүн, 14-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Улуу Британия парламентинин Лорддор палатасынын депутаты баронесса Элисон Сьюттини кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар парламенттер аралык байланыштарды жакшыртуу багытында баарлашып, тажырыйба алмашуу максатындагы иш сапарларды уюштуруу тууралуу пикир алышты.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков белгилегендей, акыркы мезгилдердеги кыргыз парламентинин делегацияларынын Улуу Британияга жасаган иш сапарлары эки жактуу кызматташууларды кеӊейтүүдө. 25 жылдын ичинде Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлиги (DFID) материалдык жана техникалык багыттагы бир топ колдоолорду көрсөтүп келет. Ошондой эле Чыныбай Турсунбеков 2021-жылга чейинки Жогорку Кеӊешти өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууда көрсөткөн көмөгү үчүн DFIDге ыраазычылык билдирип, аталган документ парламент тарабынан кабыл алынгандыгын маалымдады. Мындан сырткары, аталган стратегияны ишке ашыруу үчүн түзүлгөн тогуз жумушчу топ жасаган иштери тууралуу тынымсыз маалымат берип турарын айткан Төрага Чыныбай Турсунбеков: "Өлкөдөгү парламенттик демократияны бекемдөө менен өнүгүүнүн жаңы этабына чыгабыз деген ишеничтемин", - дейт.

Эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу багытында сөзүн уланткан Жогорку Кеӊештин Төрагасы парламенттер аралык байланыштарды да кеӊейтүү зарылчылыгына токтолду.

Ошону менен катар, Чыныбай Турсунбеков 2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Конституциясына түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча өткөрүлгөн референдумду эске салып, Европарламенттин өкүлдөрү менен эл аралык байкоочулар добуш берүүнү өткөрүүнүн жүрүшүнө жана анын жыйынтыгына жогору баасын бергенин белгиледи.

Өз кезегинде Элисон Сьютти туулуп өскөн жери Шотландияны эске салган Кыргызстанга алгачкы жолу келип жаткандыгын айтып, Улуу Британия парламентинин Лорддор палатасындагы ички саясый абал жана келечектеги жасай турган иштери тууралуу маалымат берди. Андан тышкары, жолугушууда Brexit баштаган бир катар маселелер талкууланып, Жогорку Кеӊештин Төрагасынын Улуу Британияга боло турган иш сапары боюнча сөз болду.

Пикир

Оставить комментарий