• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Улуу Британиянын ЖОЖдорунун кызматташтыгы талкууланды

Билим 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Кечээ, 28-сентябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев Улуу Британиянын Бизнес жана соода министрлигинин Уэльс менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Дэн Уолша менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкенжей, анда тараптар Кыргызстан жогорку окуу жайлары жана Улуу Британиянын университеттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

МБекжан Супаналиев министрлик өнөктөш өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин айтып, студенттер үчүн алмашуу, мамлекеттик кызматкерлер үчүн квалификацияны жогорулатуу программаларын жана мугалимдер үчүн тил үйрөтүү курстарын уюштурууну караштырып көрүүнү сунуш кылды.

Өз кезегинде Дэн Уолша сунуштарды эске аларын, кызматташтыкты өнүктүрүүгө британия тарап да кызыкдар экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий