• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашты

Саясат 0

Бишкек, 08.07.22./Кабар/. 2022-жылдын 4-8-июлуна чейин Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдашты.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий