• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун башчылары тар чөйрөдө жолукту

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдын төрагалыгы астында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара ведомстволорунун башчылары Уларбек Шаршеев менен Салимжон Хусановдун ортосунда тар чөйрөдө өзүнчө жолугушуу болуп өттү.

КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу бүгүн, 20-сентябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Терроризм жана экстремизм менен күрөшүү боюнча КМШ конференциясынын алкагында өткөн.

Жолугушууда тараптар биргелешкен чек араны коргоо, делимитация жана демаркация маселелери боюнча бир катар актуалдуу темаларды талкуулашты.

Эки мамлекеттин чек ара ведомстволорунун башчылары чек ара аймагындагы кызматташтыкты бекемдөөнү жана ар кандай иш-чараларды анын ичинде маданий жана спорттук иш-чараларды туруктуу негизде өткөрүүнү макулдашты.

Тараптар чек арачылардын чек арадагы жүрүм-турум линиясынын талаптарын так сактоо менен чек арада келип чыккан бардык маселелер жана сүйлөшүүлөр биргелешкен дипломатиялык жол аркылуу чечүүнү макулдашууга жетишти.

Сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий