• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга жасалма документ менен автоунаа алып келүү фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Кыргызстанга жасалма документ менен автоунаа алып келүү фактысы аныкталды. Блу тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, натыйжада мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 4,3 млн сомдон ашкан.

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2006-жылы жана 2007-жылы чыгарылган "Lexus GX 470" үлгүсүндөгү автоунааларга бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу эки фактысы аныкталган.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бул унаалар үчүн Беларусь автотранспорт каражаттарын каттоо тууралуу жасалма күбөлүктөрү даярдалганы аныкталган.

Беларусь Мамлекеттик бажы комитетинин маалыматы боюнча, жогоруда аталган унааларга карата бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес. Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 4 млн 321 миң 993 сомду түзгөн.

Чогутулган материалдар каттоого алынып, мыйзамга ылайык кароо жана чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Учурда Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алынып келинген жана ИИМдин "Унаа" мамлекеттик мекемесинде баштапкы каттоого коюлган башка автотранспорт каражаттарын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий