• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында жугуштуу оорулардын алдын алуу маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык мэриясында жугуштуу жана өнөкөт оорулардын алдын алуу боюнча жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга мэрдин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилери, шаардагы бир катар мекемелердин кызматкерлери катышты.

Жыйында шаар аймагында саламаттык сактоо кызматтарынын коомго жеткиликтүү шартта иш алып баруусу, санитардык-эпидемиологиялык абалы жөнүндө маселелер талкууга алынды.

Адистердин белгилөөсүндө кургак учук дарты көбүнчө чет өлкөдө эмгектенип келген мигранттар арасында катталууда. Мындан улам жарандарды каттоого алууда жана аларга медициналык жардам көрсөтүүдө саламаттык сактоо мекемелери тарабынан бардык аракеттер көрүлүп жаткандыгы айтылды.

Жыйындын соңунда медициналык тейлөөнү жакшыртуу багытында дарыгерлерге бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий