• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда ун тартыштыгы жок. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги нандын кымбатташы боюнча үн катты

Коом 0

Бишкек, 20.09.23. /Кабар/. Кыргызстанда ун тартыштыгы жок. Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек шаарында атайын жарманкелер иштеп баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрлер кабинетинин ун рыногундагы кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмасына ылайык, КР Ун комбинаттары ассоциациясы тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирдикте унду тегирмендин баасында сатуу боюнча жарманкелерди уюштурду. Жарманкеде 1-сорттогу ундун 1 кг баасы 30 сомдон ашпайт.

Бишкек шаарындагы ун сатылуучу жарманкелердин дареги:

  • “Дордой моторс” базары;
  • “Ош” базары;
  • “Аламедин” базары болжол “Табылга” соода борборунун аялдамасы;
  • “Орто-Сай” базары болжол “Оберон” бөлүмүнүн кире бериши;
  • “Дордой фут” базары.

Бишкек шаарындагы ун жарманкесиндеги ата мекендик ундардын баасы:

  • жогорку сорт — 1 860 сом;
  • 1-сорт — 1500 сом;
  • 2-сорт — 1125 сом.

Экономика жана коммерция министрлиги ундун баасын бир кап үчүн 1500 сом деп бекитти.

Экономика инистрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы республика боюнча социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн бааларына апта сайын талдоо-мониторинг жүргүзөт. Анын ичинде 1-2-сорттогу ундун облустардагы орточо баалары төмөндөгүдөй:

Ош шаарында:

  • 1-сорт (50кг) — 1700-1900 сом;
  • 2-сорт (50кг) — 1400-1700 сом.

Ош облусу боюнча:

  • 1-сорт — 1650-1900 сом;
  • 2-сорт — 1500-сом.

Баткенде:

  • 1-сорт — 1700-1900 сом;
  • 2-сорт — 1400-1700 сом.

Нарында:

  • 1-сорт — 1700-2100 сом;
  • 2-сорт — 1400-1700 сом.

Жалал-Абад шаарында:

  • 1-сорт — 1500-1750 сом;
  • 2-сорт — 1100-1350 сом.

Каракол шаарында:

  • 1-сорт (45 кг) — 1400-1450 сом;
  • 2-сорт (45 кг) — 1100-1200 сом.

Таласта:

  • 1-сорт — 1725-1750 сом;
  • 2-сорт — 1375 сом.

Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушев учурда ата мекендик ундун 1 мүшөгү 1400-1500 сомдон сатылып жатканын, баасы көтөрүлбөгөнүн билдирди.

Белгиленгендей, КР Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын республика боюнча 30 фабрикасы бар. Казак уну кымбаттаганына байланыштуу керектөөчүлөр ата мекендик ундун сортторун көбүрөөк сатып ала башташкан. Анткени ички рыноктун 50% Казакстандын уну түзгөн. Учурда өндүрүштүк кубаттуулукту жогорулатууга бир топ иш-аракеттер жүрүп жатканы маалым болду.

Пикир

Оставить комментарий