• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын коргоо министрлери аскердик кызматташтыкты кеңейтүүнү талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 29.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 25-26-мартында Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов расмий иш сапары менен Өзбекстанга барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын жүрүшүндө ал Өзбекстандын коргоо министри Баходир Курбанов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактык коопсуздук жана коргоо жаатындагы эки тараптуу мамилелердин келечегин, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик кызматташтык маселелерин жана аларды андан ары кеңейтүү боюнча кадамдарды талкуулашты.

Иш-сапардын жүрүшүнүн алкагында, кыргыз аскер делегациясы жогорку аскердик билим берүү мекемелерине, тагыраак айтканда Куралдуу күчтөр академиясына, Коргоо министрлигинин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана аскердик байланыш институтуна, Чирчик жогорку танкалык командалык инженердик окуу жайына, жогорку аскердик авиациялык окуу жайына барып, алардын ишмердүүлүгү менен, андан соң Самарканд шаарынын тарыхый кооз жерлери менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий