• 88.68
  • 95
  • 0.95

COVID-19. Свердлов районундагы диний мекемелер жана жеке менчик бала бакчалар текшерилди

Коом 0

Бишкек, 21.07.21. /Кабар/. Бишкектин Свердлов районунда санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана талаптарды сактоо боюнча рейддик иш-чаралар активдүү жүргүзүлүүдө, - деп билдирет Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, калаанын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыктын жана Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топ дагы бир жолу мечиттерди, чиркөөлөрдү, бала бакчаларды жана билим берүү борборлорун текшерди.

Райондо бардыгы болуп 67 ислам жана 29 христиан мекемеси, 9 билим берүү борбору жана 48 жеке менчик бала бакча жайгашкан.

Рейддик текшерүү учурунда бет кап режимин жана зыяратчылардын ортосундагы аралыкты сактабагандыгы үчүн 6 мечит жана 1 намазканга айып салынды. Текшерүү учурунда афишалар таркатылып, коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Текшерүү менен «Солнечный город», «Слонёнок», «Зирек», «Силк роуд», «Ахунова», «Бекхан», «Умай Нур» жана «Росточек» жеке бала бакчаларына текшерүү жүргүзүштү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 5 акт түзүлүп, сын-пикирлерди четтетүү үчүн 1 санитардык буйрук чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий