• 88.68
  • 95
  • 0.95

Коомдук транспорттогу накталай эмес төлөм. Бишкекте рейддер уланууда

Коом 0

Бишкек, 16.10.23. /Кабар/. Бишкекте 20-августтан тарта коомдук транспорт накталай эмес төлөмгө өткөрүлгөн, бирок ага карабастан накталай төлөм жүргүзгөн айдоочулар аныкталууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасы ыктыярчылар менен биргеликте коомдук транспорттордо айдоочуларды көзөмөлдөө жана шаар тургундарына накталай эмес төлөм боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Күн сайын “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте 60 ыктыярчы каттамга чыгууда.

Эске сала кетсек, накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот.

Үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

- Кыргызстандын бардык банктарынын Visa жана Элкарт контактсыз карталары;
- Виртуалдуу NFC картасы;
- Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;
- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Пикир

Оставить комментарий