• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Өзбекстандын соода-сатык мамилесин өнүктүрүү маселеси талкууланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 16.10.23. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн жана Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы өз ара сооданы кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу келечеги талкууланды.

Тараптар өз ара ишенимге жана кызматташтыкка негизделген достук жана өз ара пайдалуу мамилелерди активдүү өнүктүрүүгө даярдыгын баса белгилешти. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар соода байланыштарын мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүүгө келишип алынды.

Тактап айтканда, Өзбекстандын аймагында кыргыз товар өндүрүүчүлөрүнүн тамак-аш көргөзмөсүн уюштурууну жана өткөрүүнү алдын ала талкуулашты.

“Бул көргөзмө ишканаларга жана компанияларга өз продукцияларын көрсөтүүгө, жаңы бизнес байланыштарын түзүүгө жана таасир чөйрөсүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берет”, - деп белгилешти элчиликтен.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын сонунда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 1 млрд 300 млн долларга жетип, акыркы алты жылда сегиз эсеге өскөн.

Пикир

Оставить комментарий