• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан санариптик телерадиоберүү боюнча тажрыйба бөлүшүүгө даяр

Өкмөт 0


Бишкек, 4-июль /Кабар/. «Биз санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча колдонгон тажырыйба менен бөлүшүүгө даярбыз. Аталган маселеде финансылык каржылоо зарыл, бирок жогорку кесипкөй команданын болушу маанилүү», – деди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев бүгүн, 4-июлда санариптик телерадиоберүүгө өтүү маселеси боюнча практикалык тажырыйбаны үйрөнүү үчүн Тажикстан Республикасынан келген делегация өкүлдөрү менен болгон жолугушууда. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тажик делегациясынын курамында Телеберүү жана радио уктуруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Махмадшариф Бобишозода, «Тажиктелерадиоком» башкы директорунун орун басары Исфандиёр Саъдулло, Тажикстан парламентинин Эл аралык иштер, эл аралык уюмдар жана ММК боюнча комитетинин мүчөсү Мухаббатшо Рузадоров, Көз карандысыз берүүлөр ассоциациясынын мүчөсү Зинатулло Исмаилзода, «Хома» коомдук уюмунун аткаруучу директору Шахло Абокирова жана «Интерньюс Таджикистан» директору Абдумалик Кадиров бар.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев санариптик телерадиоберүүгө өтүүнүн этаптары, санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда аткарылган иштер, көйгөйлөр жана техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу маселелери тууралуу маалымат берди.

«Кыргыз Республикасы 2017-жылдын 15-майында санариптик телеберүүгө өттү. Биринчи кезекте биз калк арасында үч жыл аралыгында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Мамлекеттик комиссия түзүлүп, ага жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом, коомдук уюмдар, телерадио адистери тартылды », – деп билдирди Мухамметкалый Абулгазиев.

Өз кезегинде тажик делегациясынын өкүлдөрү санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө даярдыктарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдиришти.

«Биздин өлкөлөр ортосунда жылуу коңшулук мамилелер орун алган. Кыргызстан абдан динамикалуу өнүгүүдө. Биз сиздердин өлкөнүн санриптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча тажырыйбаңыздарды үйрөнүүнү каалайбыз», – деп билдирди Тажикстан парламентинин Эл аралык иштер, эл аралык уюмдар жана ММК боюнча комитетинин мүчөсү Мухаббатшо Рузадоров.

Делегация өкүлдөрү белгилегендей, Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча практикалык тажырыйбаны үйрөнүү аркылуу Кыргызстан санариптик телерадиоберүүгө өз убагында жана ийгиликтүү өткөндүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий