• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Назарбаевдин жыйнагы кытай тилинде жарык көрдү

Дүйнө 0

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Алты бөлүмдөн турган китепте Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин “Стратегия 2030” жана “2050” , Беш институционалдык реформа, Улуттун планы, Казакстан элине кайрылуу, ошондой эле, тышкы, ички саясат жана экономика тармагы боюнча сүйлөгөн сөздөрү камтылган.

Китепте коомдо резонанс жараткан сөздөрү жана ар башка жылдары берген интервьюларынын бөлүгү чогултулган.

Китепти чыгаруунун демилгечилеринин бири Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия институтунун директору Ли Юнцюандын айтымында, эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жылуу мамилеси Казак-Кытай кызматташтыгын жогорку деңгээлге көтөрө алды. Бул өз кезегинде “Нұрлы жол” жана “Бир алкак бир жол” мамлекеттик программаларын интеграциялоого жол ачты.

Ли Юнцюан, Россия, Чыгыш Европа, жана Борбор Азия институтунун директору:

Нурсултан Назарбаевдин эмгектерин Си Цзиньпиндин китебин которгон агенттик которгон. Бул агенттиктин жардамы менен Маркстын жана Лениндин чыгармалары кытай тилинде жарык көргөн. Китепти чыгарууда Кытайдын алдыңкы редакторлору тартылган. Мындан улам мен бул китеп жогорку деңгээлде чыкты деп ишенимдүү айта алам. Муну менен биз аз да болсо эки мамлекеттин мамилесинин бекемделишине өз салымыбызды коштук деп эсептейм.

Булак: Хабар

Пикир

Оставить комментарий