• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мексикада шаар мэри крокодилге үйлөндү

Дүйнө 0


Бишкек, 4-июль /Кабар/. Мексиканын Сан-Педро-Хуамелула шаарынын мэри Виктор Агуилар ургаачы крокодилге үйлөндү деп жазат “Daily Mail” басылмасы.

Иш чаранын алдында крокодилди чокундуруп андан соң ага ак көйнөк кийгизишкен. Ал эч кимди тиштеп албашы үчүн анын оозун байлап коюшкан.

Сан-Педро-Хуамелула шарындагы салтка ылайык мэр ар жыл сайын крокодил менен нике кыят. Уламыштарга ылайык, бул салт балыкчыларга ийгилик алып келет.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий