• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан жана Иран Президенттери куттуктоо телеграммалары менен алмашышты

Президент 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жана Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо телеграммалары менен алмашышты. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев тарыхый кыска мезгил ичинде Кыргызстан жана Иран биргелешкен аракеттер менен саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуу механизмдерин жөнгө салууга жетише алышканын белгиледи. Эки өлкөнүн БУУ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында да активдүү кызматташып жатышкандары айтылган.

Кыргыз Республикасынын Президенти бардык спектрлерде өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттешүүнү активдештирүү боюнча биргелешкен ишти улантууга толук даяр экендигин билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Иран Президенти Хасан Роуханиге бекем ден соолук, бак-таалай жана ишинде ийгиликтерди, ал эми Иран элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Роухани өз катында өткөн 25 жыл аралыгында эки дос жана бир тууган өлкөлөр, Иран Ислам Республикасы жана Кыргыз Республикасы бири-бирин урматтоо менен жана жалпы кызыкчылыктарды жетекчиликке алуу менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн чоң кадамдарды жасашты. «Эки өлкөнүн элдеринин гүлдөп-өнүгүшү үчүн, ошондой эле региондо жана эл аралык аренада тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу жана бекемдөө максатында бул багыт мындан ары да туруктуу улана берерине мен ишенем. Региондогу чакырыктарды жана коркунучтарды ийгиликтүү жеңүү Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердин конструктивдүү өз ара аракеттешүүсүнө, кызматташуусуна жана бири-бирин толуктай билүүсүнө тыгыз байланыштуу, ал эми биргелешкен консультациялар бекем тынчтыкты орнотууга жана достук мамилелердин мындан ары карай тереңдешине алып келерине ишенем», - деп айтылат телеграммада.

Президент Хасан Роухани Президент Алмазбек Атамбаевге бекем ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине гүлдөп-өнүгүүнү жана бак-таалайды каалады.

Пикир

Оставить комментарий