• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ок атышууну токтотуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов катышууда.

Учурда ок атышууну толук токтотуу жана кырдаалды андан ары жөнгө салуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий