• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 29-мартка карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 29-мартка карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Талас облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +17...+22, Талас облусунда +15...+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл облуснда+13...+18, Нарын облусунда +9...+14 градус болот.

Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +19...+21 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий