• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 9 айда ИДПнын көлөмү дээрлик 400 млрд сомду түзгөн

Экономика 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Ички дүң продукциянын көлөмү 2019-жылдын январь-сентябрь айларында алдын ала баалоо боюнча 398 млрд сомго жакынды түзүп, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,1% өскөн. Бул тууралуу Улуттук статкомдун төрагасынын орун басары Азамат Оросбаев билдирди.

Анын айтуусунда, “Кумтөр” кен иштетүү ишканаларын эске албаганда, ИДПнын көлөмү үстүбүздөгү жылдын тогуз айында 356 млрд сомду түзүп, 3,2 пайызга өскөн.

«ИДПнын өсүшү өнөр жай, курулуш тармактары, айыл чарба жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, товар өндүрүү тармактарынын өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу өсүү темпи 110,2 пайызды (2018-жылдын январь-сентябрында – 100,6 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 102,7 пайызды (2018-жылдын январь-сентябрында – 101,7 пайыз) түздү», - деп билдирди Оросбаев.

Ал кошумчалагандай, айыл чарбасында реалдуу өсүш 1,8%ды, курулушта 9,0%ды, ошондой эле дүң жана чекене соодада өсүш 4,6%ды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

Пикир

Оставить комментарий