• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы бир күндө 6 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде алты өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө жети бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкектин Ак-Босого конушундагы Чүй 29-көчөсүндө турак үйдүн ашканасынын шыбы күйгөн.

Ош шаарынын С.Субаналиев көчөсүндө “Сүйүнбаев” атындагы стадиондун аймагында 4 чарчы метр жыгачтын таарындысы (опилка) күйгөн.

Ал эми Чүйдүн Аламүдүн районунун Лебединовка айылында “Форворд” кафесинин 10 чарчы метр шыбы күйгөн.

Өрттүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий