• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 17.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 22 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, (Бишкек шаарында 3, Ош облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 2, Чүй облусунда 6, Нарын облусунда 2, Баткен 2, Ош шаары 1 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 25 бөлүм тартылган.

Алсак, Баткен шаарында М.Салихов көчөсүндө жайгашкан Биримдик базарында пахта иштетүүчү кичи цехтин 24 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ак-Талаа районунун Баетов айылында мончонун ичинде дубалында 16 чарчы метр капталган жыгач решеткалары жана пластик материалдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Алай районунун Жар-Кыштак айылында жолдо турган "Фольксваген пассат" үлгүсүндөгү жеңил автоунаасынын кыймылдаткычы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий