• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте мас айдоочу жөө жүргүнчүнү, андан соң тамактануучу жайды сүзгөн

Кырсык 0


Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. Бишкекте 31-августта таңкы саат 06:50 чамасында “Мерседес Бенц” унаасын башкарып бара жатып шаардын 23 жаштагы тургуну жол кырсыгына кабылган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, А.А. аттуу айдоочу Юнусалиев көчөсү менен түштүк багытта бара жатып №127 үйдүн тушунан оңго бурулуп, унаа токтотуучу жайга токтотуп жатып, унаасын башкара албай адам басуучу жайда турган жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан соң ошол жердеги тамактануучу жайды сүзүп токтогон.

Натыйжада 39 жаштагы Ч.И. аттуу жөө жүргүнчү №4 Бишкек шаардык ооруканасына жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Жол кырсыгы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, чогултулган иш кагаздары Бишкек ШИИББи боюнча тергөө кызматынын жол кырсыктарын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Ведомстводон агенттике билдиришкендей, айдоочу мас абалда болгон.

Пикир

Оставить комментарий